COVID-19: Бир суткада жети бейтап каза болду, 279 адам жаңы катталды

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдеттен бир суткада көп адам каза болгон алгачкы учур катталды.

Кечээтен бери Кыргызстанда коронавирустан жети бейтап каза болду. Бул тууралуу 30-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 55 жана 76 жаштагы эки эркек, Ош шаардык клиникалык инфекциялык ооруканасында 70 жана 49 жаштагы эки аял, Бишкектеги №2 төрөт үйүндө 27 жаштагы келин, Жайыл аймактык ооруканасында 44 жаштагы эркек жана Бишкектеги Кыргыз-Түрк ооруканасында 53 жаштагы эркек.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус инфекциясы 279 адамдан аныкталды.

Алардын эң көбү Бишкекте - 182 адам. Чүй облусунда 36, Ысык-Көл облусунда 18, Талас облусунда 15, Нарын облусунда 10, Баткен облусунда тогуз, Жалал-Абад облусунда жети, Ош шаарында жана Ош облусунда бирден адам.

Илдеттен дарыланып жаткан 76 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 30-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5296 адамдан табылды, алардын ичинен 57 бейтап кайтыш болду, 2370 бейтап айыгып кетти.

Буга чейин коронавирустан каза тапкандардын саны суткасына үчтөн ашпай келген.(RK)