Өкмөт дары-дармек баасын көзөмөлдөө боюнча жыйын курду

Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков дары-дармек жана медициналык каражаттарга баанын өсүшү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментине тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте дары-дармекке бааны убактылуу жөнгө салуу боюнча жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилди.

Коомчулукта айрым дарыканаларда дары жана медициналык ар кандай каражаттардын баасы өсүп жатканы айтылууда. Бирок, расмий орган баа канчага жогорулаганы боюнча маалымат берген жок. (TSh)