COVID-19: Бир суткада үч бейтап каза болду, 269 адам жаңы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирустан үч бейтап каза болду. Бул тууралуу 29-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

"54 жаштагы аял бейтап Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, 67 жаштагы эркек бейтап Ош шаардык клиникалык ооруканасында жана 61 жаштагы эркек бейтап Ош гуманитардык университетинин клиникасында".

Бир сутка ичинде коронавирус 269 адамдан жаңы аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 138. Чүй облусунда 43, Жалал-Абад облусунда 26, Ош шаарында 23, Ысык-Көл облусунда 16, Талас облусунда тогуз, Ош облусунда алты, Нарын жана Баткен облустарында төрттөн адам.

Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 52 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 29-июнга чейин өлкөдө коронавирус 5017 адамдан табылды, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294 бейтап айыгып кетти. (RK)