Президент Жээнбековду Интернетти чектеген мыйзамга вето коюуга чакырган өнөктүк жүрүп жатат

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековду “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзамды кабыл албоого чакырган өнөктүк башталды.

Журналисттер, медиа уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү мамлекет башчысын Жогорку Кеңеш жаңы кабыл алган бул мыйзамга кол койбоого үндөп, социалдык түйүндөрдө “Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоп койгула!” деген чакырык жасап жатышат.

Кыргыз Республикасынын журналисттеринин көз каранды эмес союзунун жетекчиси Азамат Касыбеков өнөктүк тууралуу “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү айтты:

"Кыргызстандын журналисттер бирикмеси мамлекет башчысын бул мыйзамды Жогорку Кеңешке кайрадан кароого кайтарып берүүгө чакырат. Мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч келтирип, журналисттик коомчулукка терс таасирин тийгизет".

Жогорку Кеңеш 25-июндагы сессиясында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди. Эми ал документ президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган демилге жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына да туш болду.

Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор Интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан фейктерге каршы багытталганын айтып жатат. (RK)