Жерди трансформациялоо талабы менен акцияга чыккандар тарай элек

Нааразылык акциясына чыккандардын бири жиберген сүрөт. 24-июнь, 2020-жыл.

Чүй облусунун аймагындагы Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым тургундары парламенттен жерди трансформациялоону талап кылып жатышат. Нааразылык акциясына чыккандардын бири, Анвар аттуу жаран чогулгандар талаптары аткарылмайынча тарабай турганын билдирди. Бул боюнча парламент өкүлдөрүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети «Сугат айдоо жерлерин трансформациялоого мораторий киргизүү жөнүндө», «Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароо маселесин 22-июндагы күн тартибине киргизген. Жыйынтыгы тууралуу маалымат жок.

Бул мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш 15-июндагы жалпы жыйынында биринчи окууда караган.

Кыргыз өкмөтү парламенттин кароосуна сунуш кылган мыйзам долбоорлорунда 2009-жылдан кийин турак үйлөр курулган сугат жерлерди мыйзамдаштыруу каралган. (TSh)