Кыргызстанда күнүнө 50 миңдей беткап чыгарган ишкана ачылды

Жаңы ачылган цех. 2020-жыл. 24-июнь.

“Бишкек эркин экономикалык аймагында” бир жолу колдонула турган беткап чыгарган цех ачылды. Ишкананы ачуу аземине вице-премьер-министр Аида Исмаилова катышканын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ишкана 160 миң АКШ доллары турган жабдуулар менен камтылган. Өндүрүштүн көлөмү болжол менен күнүнө 50-60 миң даана беткап чыгарат. Беткаптар FRR1 тиби боюнча EN149:2001 европа стандартына дал келет. Беткап чыгарууда көпчүлүк процесс автоматташтырылган.

Кыргызстанда алгач коронавирус аныкталган учурларда беткап тартыштыгы келип чыккан. Муну ишкерлер сырттан келген импорттун токтогону менен түшүндүргөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) беткап тууралуу мурдагы эрежесин өзгөртүп, коронавирус көп жайылып жаткан аймактарда жана социалдык обочолонуу эрежесин сактоо мүмкүн болбогон жерлерде беткап тагынуу зарыл экенин билдирди.

Уюм 5-июндагы билдирүүсүндө беткапты вирустун жайылышынын алдын-алган ыкмалардын бири деп мүнөздөдү. Ошол эле учурда бетти жаап жүрүү менен гана COVID-19дан толук сактануу мүмкүн эмес экенин эскертти. (TSh)