Ондогон уюмдар Интернетти чектөөгө каршы кайрылуу жарыялашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жарандык жана медиа уюмдары Жогорку Кеңеште иштелип чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамды кабыл албоого чакырып, кол топтоп жатышат. Онлайн кайрылууга бүгүнкү күнгө карата алтымышка жакын уюмдун жана катардагы жарандардын колу коюлду.

Алардын арасында жалпыга маалымдоо каражаттары, медиа уюмдар, байланыш операторлору жана провайдерлер, өкмөттүк эмес уюмдар бар.

Кайрылуунун авторлору бул мыйзам эксперттердин, адистердин жана активдүү жарандардын пикирин эске албай, эреже бузуу менен кабыл алынып жатканын, эгер ал ишке кирсе сөз эркиндигине залакасын тийгизерин белгилешти. Жогорку Кеңеш өз регламентин бузуп кабыл алып жаткан мыйзам кийин да эл арасында парламенттин чечимдерин кабылдоосуна өтө терс таасир берери айтылды.

Кол топтоо уланууда.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Буга чейин "Медиа Полиси Институту" уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан.

«Factcheck.kg» порталы сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн аныктаган.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда мыйзам долбоорун экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алган. (RK)