«Менин баламды мектепке кабыл алгыла» акциясы башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «2020 - Менин баламды мектепке кабыл алгыла» аттуу республикалык акция башталды. Анын алкагында укук коргоочулар Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу укуктук кеңеш берип жатышат.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, балдарын мектепке киргизүүдө кыйынчылыктарга кабылган ата-энелерге укуктук жардам берилет:

«Эгерде баласын мектепке кабыл алууда акча талап кылса, катталган жана жашаган жери боюнча кыйынчылыктар болсо, балдарды мектепке электрондук каттоодон өткөрүүдө, мектеп формасын сатып алуу, баланын билимин тестирлөө жана башка ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болсо кайрылышса болот”.

Турдубекованын айтуусунда, ар бир кайрылуу көзөмөлгө алынып, мектеп партасына отурганга чейинки учуру байкоодо болот.

«Менин баламды мектепке кабыл алгыла» акциясынын укуктук жардам боюнча бул телефондорго кайрылуу керек:

0312 662587, 0709845775 (WhatsApp) же http://myktybaldar.kg/

«Менин баламды мектепке кабыл алгыла» акциясы быйыл 12-жолу өткөрүлүп жатат.

Акциянын максаты - балдарга жана алардын ата-энелерине мектепке кабыл алууда укуктук жардам көрсөтүү.

Балдарды мектепке кабыл алуудагы коррупцияны жоюу максатында "электрондук кезек" автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке киргизилген. Система 2019-жылдын 15-февралынан баштап сыноо түрүндө Бишкекте ишке кирген.

Аталган система 2020-окуу жылдан тартып Ош, Жалал-Абад, Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирет. (ZKo)