"Сорос-Кыргызстан" эркиндикти чектеген мыйзам долбоорлорун четке кагууга үндөдү

Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

"Сорос-Кыргызстан" фонду «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө», «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөргө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Фонд 23-июнда Жогорку Кеңешке кайрылып, аталган мыйзамдарды кабыл албоого чакырды.

"Бейөкмөт уюмдар глобалдык жана жергиликтүү кризистерге каршы күрөшүүдө мамлекеттин эң натыйжалуу өнөктөшү болуп келет. Муну COVID-19га байланыштуу азыркы кырдаал ачык айгинеледи. Бейөкмөт уюмдар бир гана колунда бар ресурстарды мобилизациялоодон тышкары калктын жашоосуна керектүү кызматтардын бардыгын көрсөтүп келишет. Алардын ишмердүүлүгү так, таза жана ачык жүргүзүлөт" - деп жазылат кайрылууда.

Ошондой эле «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору Кыргызстан жарандарынын конституциялык укуктарын түз жана одоно бузары белгиленген.

"Сөз эркиндиги Кыргызстандын эң баалуу жетишкендиги жана мына ушул фактор гана өлкөнү аймактагы эң ачык жана демократиялуу мамлекет катары өзгөчөлөнтүп турат. "Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргызстандын Жогорку Кеңеш депутаттарына жарандык коомду колдоп берүүнү өтүнөн. Фонд аталган мыйзам долбоорлору Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүнүн, адилеттиктин, туруктуулуктун пайдасына четке кагылат деген үмүттө экенин билдирет",- деп жазылган.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 18-июнда экинчи окууда кабыл алган. Ага 89 депутат "макул", тогузу "каршы" добуш берген. Документ комитеттерден үчүнчү окуудан өтсө, кайра жалпы жыйынга чыгарылат.

Мыйзам долбооруна ылайык, коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Долбоорго алгач депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова, Марлен Маматалиев жана Аида Исмаилова демилгечи болушкан. Маматалиев кийин авторлуктан баш тартарын жарыяласа, Исмаилова вице-премьер-министр болуп кеткен.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 22-июнда экинчи-үчүнчү окуудан катары менен карап, кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан мыйзам долбоорунда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Буга чейин бир катар уюмдар мыйзам "Кыргызстандын Конституциясына каршы келет" деген билдирүү тараткан. Интернетте ага каршы петицияга кол топтолуп жатат.