Ооган өкмөтүнүн расмий өкүлү «Талибан» кыймылын сүйлөшүүлөр алдында чабуулдарын күчөткөндүгү үчүн айыптады. Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Жавид Файзалдын айтымында, соңку жумада согушкерлердин колунан 32 провинциядагы 422 чабуулда коопсуздук күчтөрүнүн 291 аскери өлдү, 550сү жарадар болду. Мындай маалымат менен Файзал 22-июнда "Твиттерде" бөлүштү.
Талибдердин өкүлү Забихулла Мужахид өкмөт келтирген сандарды четке кагып, «душман ушундай маалымат чыгаруу менен оогандардын өз ара диалогуна, тынчтык жараянына сокку урууну көздөйт» деп билдирди.
«Өткөн аптада чабуул койгону чын, бирок алардын көбү коргонуу максатында болгон»,- деди Мужахид.
Майдын аягында, Орозо айтты утурлай “Талибан” ок атышпоо тууралуу жарыялагандан бери Ооганстанда зомбулук азайганы айтылган. Бирок Кабулдагы расмий адамдар согушкерлердин кол салуулары акыркы убакытта күч алганын билдиришкен.
Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы 5 миң талибди коё бериши керек. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болгон.
Кабул менен «Талибан» туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт койгон.