Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб, Жергетал райондорунда жана Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардам жөнөттү.
Министрликтин маалыматына ылайык, 21-июнда Тажикстанга тогуз, Памирге төрт автоунаага жүктөлгөн ун, жууркан, тазалык каражаттары, күрүч, май жана медициналык каражаттар жөнөтүлдү.
Тажикстанда COVID-19га чалдыккандардын саны 5 миңден, Ооганстанда 28 миңден ашты. (DU)