Болот Шердин саясий жолу сүрөттөрдө

Мурдагы депутат, экс-министр Болот Шер Жогорку Кеңештин жыйынында. 

12-апрель, 2009-жыл. Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын башчысы Медет Садыркуловдун сөөгүн Бишкектин жанындагы Байтиктин Бас-Бөлтөгүнүн түштүгүндөгү көрүстөндө жерге берүү учуру. Ошол кездеги оппозиция 13-марттагы анын өлүмүнө себеп болгон кырсыкты кылдат тергөөнү талап кылган. Оппозициялык саясатчы Болот Шерниязов маркумдун өлүмүн атайын буйрутма деп эсептей турганын билдирген.

2010-жылы 6-апрелде Таласта оппозициянын жактоочулары милиция менен кагылышып, эл облустук имаратты ээлеп калган. Болот Шер элдин арасында турат. Сүрөттө тополоң башталганга чейинки учур. 

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев орун басарлары Б. Шерниязов, Д. Чотонов менен Конституциялык соттун жанында. 19-ноябрь, 2009-жыл.

Болот Шер

Болот Шер партиялашы Өмүрбек Текебаевди бошотуу талабын койгон акцияда. 29-март, 2017-жыл.

26-апрель, 2008-жыл. Каркыра жайлоосунан 620 гектар жер казак тарапка өткөнүнө каршы оппозиция Ысык-Көлдүн Түп районунда митинг өткөргөн. Ошол кездеги оппозиция өкүлдөрү Түп айылында токмоктолуп, жумуртка ыргытылган. Болот Шер элдин ортосунда турат.

24-октябрь, 2005-жыл. Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Шер баштаган депутаттар ошол кездеги премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугушууда. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Болот Шер жарык дүйнө менен кош айтышканы тууралуу бир тууганы, парламенттин депутаты Садык Шер “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Садык Шер “Баатырыбыз да, асылыбыз да Бокемден айрылып калдык... Коштошуу зыйнаты (өзүнүн керээзи боюнча) Чоң Капка айылында 23-июнда саат 11де өтөт” деп кабарлады.