COVID-19: Ош шаарындагы базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылат

Ош шаары.

Ош шаарындагы борбордук базар, «Келечек» базары 22-июнь күнү жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, базарларда беткапсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик орун алууда. Ошондуктан санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, текшерилип жатат.

Шаардык бийлик жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырды.

Кыргызстанда 19-июнга карата маалымат боюнча бир суткада 132 адамдан коронавирус аныкталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир суткада вирус аныкталган эң жогорку көрсөткүч.

Муну менен республикада COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 2789 адамды түздү. 1961 адам сакайып кетти. 32 адам көз жумду. (DU)