Орусиянын президенти Владимир Путинди сотко берген Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чуваш парламентинин расмий сайты 19-июнда кабарлап, мурдагы жетекчинин өлүмүнө эмне себеп болгонун так билдирген жок.
Буга чейин орус медиасы Игнатьев өпкөсү сезгенип, Санкт-Петербург шаарындагы ооруканага түшкөнүн маалымдаган. Анда Игнатьевдин абалы оор экени айтылган.
Мунун алдында Игнатьев аны кызматтан алганына байланыштуу президент Владимир Путинди сотко бергени ачыкка чыккан. Орусиянын Жогорку соту Путиндин буйругун жокко чыгаруу боюнча арыз кабыл алынганын бышыктаган жана алгачкы сот жараянын 30-июнга белгилеген. Бул - Путиндин чечимине чакырык таштаган, коомчулукка маалым болгон алгачкы соттук жараян болмок.
58 жаштагы Игнатьев Чувашиянын башчысы болуп 2010-жылы президент Дмитрий Медведевдин буйругу менен дайындалган. 2015-жылы жайында өз эрки менен кызматтан кеткен жана күзүндө шайлоодо 65% ашуун добуш алып кайра шайланган. Оппозиция добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.
Путин быйыл жыл башында Игнатьевди «ишенимден кетти» деген негизде кызматтан алган. Анын алдында Игнатьевдин аты аталган чуулгандуу окуялар катталган. Ал Чебоксарыда басма сөз күнүнө арналган жыйында бийликти сындаган журналисттер менен блогерлердин «таш-талканын чыгарууга» үндөгөн.
Андан кийин Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшыруу аземинде өрт өчүрүүчүнү ачкычка жетүү үчүн секирүүгө аргасыз кылганы кызуу талкуу жараткан. Бул окуялардан кийин Игнатьев «Бирдиктүү Орусия» партиясынын катарынан чыгарылган.