АКШнын министрлиги Болтондун китеби боюнча сотко кайрылды

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон.

АКШнын Юстиция министрлиги президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтондун эскерүүлөрүн чыгарбоо үчүн федералдык сотко кайрылды. Вашингтон китепте мамлекеттик купуя маалыматтар камтылганын, ал жарыяланса улуттук коопсуздукка доо кетерин айтып келатат.

23-июнда жарык көрөрү пландалып жаткан китептин үзүндүлөрү америкалык үч ири гезитке жарыяланды. Болтон кеңешчи болуп турган 17 айдагы окуяларды баяндаган бөлүктөрүндө чуулгандуу жерлери бар. Мисалы, Болтон Трамп Кытай лидеринен кайра шайлануу үчүн жардам сурап, уйгурларга салынып жаткан лагерлерди оозеки колдогонун жазган. Болтондун айтымында, окуя былтыр Осакада "Чоң жыйырманын" саммити учурунда болгон.

Трамп "Wall Street Journal" басылмасына курган маегинде мурдагы кеңешчи Болтонду "калпычы" деп атады. Ал эми "Fox News" телеканалындагы маегинде Болтон купуя материалдарды китепке кошуу менен мыйзам бузганын белгиледи.

АКШнын соода өкүлү Роберт Лайтхайзер Америка менен Кытай лидерлеринин Осакадагы саммитине катышканын, анда Трамп Си Цзиньпинден эч кандай жардам сурабаганын айтты.

"Бул толугу менен чындыкка жатпайт. Эч качан андай болгон эмес. Мен ал жерде болгом", - деди Лайтхайзер Сенаттын жыйынында.