Боронов: Коронавирус менен ооругандардын 64% симптому жок

Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жаңы өкмөттүн курамын бекитүү боюнча парламенттин 17-июндагы жыйынында COVID-19 илдетине каршы күрөшүү ыкмасы тууралуу маселе көтөрдү. Депутат штабдын жаңы алгоритмге ылайык симптому жок адамдардын үйдө отуруусун милдеттендирген чечимине кызыкты:

Боронов коронавируска кабылгандар бир нече категорияда экенин, анын ичинде симптому жоктор көп экенин маалымдады.

«Коронавирус менен ооругандарды бир нече бөлүккө бөлгөнбүз. Абалы боюнча биринчиси «өтө оорлор», экинчиси «оорлор», үчүнчүсү «орточо оорлор», төртүнчүсү «жеңил абалдагылар» жана бешинчиси «симптому жок оорулуулар». Бүгүнкү күндөгү жалпы оорулуулардын 64% ушу симптому жок ооругандар. Бул чоң сан. Буга чейин биз элди обсервацияда кармаганыбыз вирустун тез жайылып кетишин алдын алды. Азыр биз дүйнөлүк практикадан алып, симптому жокторду үйүнө чыгарып жатабыз. Бирок буга чейинкиндей, шектүү катары үйдө отурганда эмес, андан катаалыраак талап менен кармайлы деп жатабыз. Анткени алар симптому жок болгону менен вирусту алып жүрүүчү, жуктуруучу болуп эсептелет. Ошондуктан ушул жактарын карап чыгып, симптому жокторду үйдө кармап, аларды көзөмөлдөө алгоритмин ишке салдык»,-деди Боронов.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 17-июнга карата берген маалыматы боюнча, коронавирус акыркы суткада дагы 90 адамдан жаңы аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2562 адамга жетти. Илдет жуктуруп алган 30 адам каза болду.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-июнда парламенттеги көпчүлүк коалиция сунуштаган өкмөттүн жаңы курамын аныктоо жана анын программасын бекитүү маселесин карап жатат. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөт башчылыкка талапкер Кубатбек Боронов министрлер кабинетиндеги жаңы талапкерлер жана өкмөттүн программасы тууралуу баяндама жасады. (ErN)