Армян парламенти оппозиция лидерин камоого уруксат берди

Гагик Царукян

Армениянын парламенти оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” (ППА) фракциясынын лидери, өлкөдөгү эң бай адамдардын бири Гагик Царукянды камакка алууга макулдук берди.

Улуттук Жыйындагы оппозиция добуш берүүгө катышкан жок. Көпчүлүктү түзгөн премьер-министр Никол Пашиняндын “Менин кадамым” фракциясы бир добуштан колдоду.

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы Гагик Царукянга байланыштуу үч кылмыш ишин козгогон. Тактап айтканда, “Гүлдөгөн Армения” партиясы 2017-жылкы парламенттик шайлоодо жапырт добуш сатып алган, Царукяндын үй-бүлөсүнүн компаниялары 60 млн. доллар салык төлөбөй койгон, Еревандын четинен 7,5 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алган деп айып тагууда.

Оппозиция лидери кезектеги сурактан кийин мунун баарын четке кагып, “жоктон токулган иш” деди. Ал июндун башынан бери премьер-министрдин коронавируска каршы күрөшүн сынга алып, отставкасын талап кылган. Өзүнө каршы кылмыш иштерин Царукян мына ушуга байланыштырууда.

Ал эми Пашиняндын басма сөз катчысы “Азаттыктын” армян кызматына жооп берип жатып, баары укуктук негизде болуп жатканын билдирген.