Казак аткаминерлер аралыктан иштөөгө өттү

Казак премьер-министри Аскар Мамин, Алматы 31-январь 2020-жыл

Казакстанда саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдон коронавирус аныкталгандан кийин бир нече аткаминер карантинге чыкты. Жергиликтүү медиа жазгандай, премьер-министр Аскар Маминдин артынан билим берүү министри Асхат Аймагамбетов, коргоо министри Нурлан Ермекбаев, айыл чарба министри Сапархан Омаров жана Жамбыл облусунун акими Бердибек Сапарбаев аралыктан иштөөгө өттү.

Өкмөттүн 16-июнга белгиленген жыйыны 19-июнга жылды.

12-июнда казак премьер-министри Жамбыл облусуна иш сапар менен барган. Аны саламаттык сактоо министри коштоп жүргөн. Эки күндөн кийин Биртанов коронавирус жуктуруп алганы ырасталып, инфекциялык ооруканага жаткырылган.

Азырынча өкмөттүн башка өкүлдөрүнөн вирус табыла элек. Бирок шейшемби күнү Павлодар облусунун акиминин орун басары Асхат Оралов коронавирусту жугузуп алганы белгилүү болду.

Шейшембиде Казакстанда коронавируска чалдыккандар дагы 983 адамга көбөйүп, алардын жалпы саны 20 600дөн ашты. Расмий статистика боюнча, илдеттен 81 киши көз жумду.