Навальныйга согуш ардагерине "жалаа жапты" деген айып коюлду

Алексей Навальный коррупцияга каршы чуулгандуу иликтөөлөрү менен таанымал.

Орусияда Тергөө комитети Коррупцияга каршы күрөш фондунун негиздөөчүсү, оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга кылмыш ишин козгоду. Ага Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдогон жарнамага тартылган Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерине "жалган жалаа жапты" деп айып коюлду. Навальный соңку жагдай боюнча азырынча үн ката элек.

Соңку жылдары Навальный ар кандай себептер менен 12 жолу камалып, жалпысынан 200дөй күн абакта отурган. Анын Коррупцияга каршы күрөш фонду мурдагы премьер-министр Дмитрий Медведев баштаган бир катар жогорку бийлик өкүлдөрүнүн мүлкүн иликтеп чыккан.

Былтыр августта полиция «арам акчаны адалдоо» боюнча бул фондго каршы кылмыш ишин козгогон. Анын алкагында аймактардагы бардык штабдары, анда иштеген кызматкерлер менен тууган-уруктарынын үйлөрү тинтүүгө алынган.

Тергөө материалдарында «Коррупцияга каршы күрөш фонду мыйзамсыз 75 миллион рубль алган» деген айып коюлган. Навальный менен анын санаалаштары дооматты четке кагып келет. Март айында аталган фонд Адам укуктары боюнча Европа сотуна 30 арыз жөнөткөн.

Орусияда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум 1-июлга белгиленген. Эгер ал өзгөртүүлөр колдоо тапса, президент Владимир Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга жол ачылмакчы.