Бээжинде COVID-19дун жаңы очогу пайда болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайдын баш калаасында 15-июнда 49 адамдан коронавирус табылды. Бул Бээжиндеги соңку бир нече ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Шаардагы вирус "Синьфади" тамак-ашты дүңүнөн саткан базардан тараганы белгилүү болду. Натыйжада баш калаанын 11 конушу карантинге алынды. Ошондой эле бийлик Бээжиндеги бардык мекеме-ишканаларды кызматкерлерин, жумушчуларын 14 күндүк карантинге жөнөтүүгө милдеттендирди. Андан сырткары бул жагдайдан улам айрым муниципалдык аткаминерлер кызматтан алынды.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

Учурда Латын Америкасы пандемиянын чордону бойдон кала берүүдө. Илдеттен эң көп жабыркаган мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки эле экинчи сапта турган Бразилияда вируска чалдыккандардын саны 867 миңден ашты. Алардын 43 миңге чукулу кайтыш болду.

Калк жыш жашаган Индия, Пакистан жана Египетте да бир сутка ичинде катталган бейтаптардын саны көбөйдү. Индияда өткөн аптада коронавирусту жугузуп алгандардын саны 100 миңге көбөйүп, алардын жалпы саны 320 миңге жетти. Адистер чыныгы сан мындан да жогору болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Индиянын айрым аймактарында ооруканаларда орун жетишпегени үчүн поезд вагондору COVID-19ду дарылоочу жайга айланууда.

Дүйнөдө өпкөнү сезгенткен бул илдетти 7 миллион 900 миңден ашуун адам жугузуп алса, алардын 433 миңдей жашоо менен кош айтышты.