Үсөнбаев жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырды

Бишкектеги соода борборлорунун бирине кирүү учуру. 26-май, 2020-жыл.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы күндөрү коронавирус илдетине чалдыккан адамдар көбөйүп жатканын белгилеп, мунун себебин жарандардын санитардык талаптарды аткарбай жатканы менен байланыштырды. Анын айтуусунда, кийинки убакта ооруну кайдан жуктуруп алганын билбегендер көп болууда:

“Инфекцияны кайдан, кимден, кандай шартта жуктуруп алганын билбеген адамдар көп катталып жатышат. Алардын көпчүлүгү коомдук транспортто жүрүшкөн, эл көп чогулуучу жерлерге, базарларга барышкан. Беткап тагынбай, санитайзер колдонбогон адамдар көп болууда. Коомдук автоунааларда беткап тагынбай жүргөн жарандарыбыз көп”.

Үсөнбаев ооруга ишенбей, тоготпой мамиле кылуудан улам, ага чалдыккандар көп болуп жатканын кошумчалап, өзгөчө улгайып калган адамдарды сак болууга чакырды.

15-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине 87 адам чалдыкканы аныкталды. Жалпы ооруга чалдыккандардын саны 2372 адам болду. 27 бейтап илдетти жуктуруп алгандан кийин көз жумган. Жалпы 1813 адам оорудан сакайып чыкты.

15-июнга карата 531 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 27 адамдын абалы оор экени кабарланды. Төрт киши жандандыруу бөлүмүндө. Жалпысынан 100 адамдын абалы орточо оор деп бааланууда. (ZKo)