Кытайда коронавирус жуктургандар көбөйө баштады

Кытайдагы дарыгер бейтапты текшерүүдө. 15-май, 2020-жыл.

14-июнга карата Кытайдын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус 57 адамдан аныкталганын кабарлады. Ушундан улам өлкөдөгү ири базарлар жабылууда. Ооругандардын 36сы Бээжинде болгондуктан шаардагы 11 ири азык-түлүк базары ишин токтотту.

Кытайда вирус азайгандан 50 күн өтпөй илдетке чалдыккандар кайрадан көбөйө баштаганы дарыгерлерди тынчсыздандырып жатат.

Соңку маалыматтар боюнча, COVID-19 дүйнөдө 7,7 миллион кишиге жугуп, 430 миңден ашуун адам бул оорудан каза болду. Бир нече айлык карантин чаралары жумшаргандан бери вирус кайрадан күч алды.

Учурда Латын Америкасы, Бразилия вирустун очогу болууда. АКШда Техас, Аризона жана Флорида штаттарында көбөйүп жатат. Оору Пакистанда, Индияда, Египетте да күчөдү. (BCh)