«Зомбулукка жол бербейли!» аттуу коомдук талкуу өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте онлайн форматта «Зомбулукка жол бербейли!» аттуу коомдук талкуу өтөт. Ага манасчы, этнограф, педагог жана аялдардын укуктары боюнча адистер катышат.

Маалыматта айтылгандай, иш-чараны уюштурууга 12-июнда социалдык түйүндөрдө тараган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу видео түрткү болду:

"Бул окуя сөзсүз сот адилеттигинин негизинде териштирилет деп бекем ишенебиз. Эч ким эч качан эч бир адамга зомбулук көрсөтүп, кол көтөрүүгө акысы жок. Буга бир да аң сезимдүү коом жол бербейт! Аялдар билимдүү болгондо гана өз укуктарын билип, зомбулукка каршылык көрсөтө алышат".

Талкууну уюштуруп жаткан "Онлайн университеттин" башкы максаттарынын бири – жарандык билим берүү жана коомдук талкуу аркылуу үй-бүлө ичиндеги, жалпы коомдогу зомбулуктун бардык түрүнө каршы туруу. Бул үчүн платформа алкагында Балдар жана ата-эне лабораториясы түзүлгөн. Бул лаборатория үй-бүлө, балдар жана аялдар маселесин колго алып, вебинарларды, талкууларын уюштуруп келет.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы айылдардын биринде аялына зомбулук көрсөткөн 51 жаштагы тургун кармалганы 11-июнда маалым болду. Интернетте тараган видеодо эркек киши мойнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, бетине чаап жатканы көрсөтүлгөн. 2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (RK)