Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 41 адам жаңы катталды. Бир киши каза болду. Бул тууралуу 13-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 18 адам. Чүй облусунда жана Ош шаарында алтыдан, Ош менен Ысык-Көл облусунда экиден, Нарын жана Жалал-Абад облусунда үчтөн, Баткен облусунда бир киши.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 54 бейтап айыгып, 13-июнда үйүнө чыкты.
Жалпысынан 18-марттан 13-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2207 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1722 бейтап айыкты. (BTo)