Жээнбеков: Кыргыз-орус мамилелери мындан ары да динамикалуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча эки өлкөнүн гүлдөп-өсүшү үчүн союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенет.

Бул тууралуу кыргыз президентинин 12-июнда Орусиянын башчысы Владимир Путинди жана орусиялыктарды мамлекеттик майрамы — Орусия күнү менен куттуктоосунда айтылды.

Путинди куттуктоо катында Жээнбеков «Улуу тарыхы жана маданияты, ири жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыктары болгон, көптөгөн улуттар менен ар кыл маданияттарды кошкон эбегейсиз мейкиндиктеги Орусия сиздин түздөн-түз катышууңуз менен мамлекеттик курулушта албан ийгиликтерге жетишти жана бүгүнкү күндө анын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы сиздин атыңыз менен тыгыз байланышта. Кыргызстанда жалпы тарыхый мурас, сиздин Кыргызстан менен Орусия ортосундагы кылымдарды карыткан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымыңыз, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдооңуз жогору бааланат" деп белгиледи.

Орусия мамлекеттик майрамын белгилеп жатат. 1992-жылы 12-июнда бул өлкөдө суверенитет тууралуу декларация кабыл алынган.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда кызматташтык тууралуу 120дай документ бар. Эки өлкө жети эл аралык жана аймактык уюмда бирдей укуктуу мүчө.

Орусиянын Канттагы бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы жалгыз чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын көп векторлуу деп атап, иш жүзүндө Орусияга жана Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттерине ыктап жашап келатканын талдоочулар айтып келишет. (RK)