Канттагы базанын учуп-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өттү

Канттагы авиабаза.

Кыргызстандын парламенти 11-июнда Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Бул протоколго ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдоо үчүн Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди.

Авиабазанын макамы жана шарттары жөнүндөгү протокол ага чейин Жогорку кеңештин комитетинде үч жолу каралбай калган жана коомчулукта талашка түшкөн болчу.

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев авиабазанын учуу-конуу тилкеси оңдолгондон кийин Орусияга өткөнү менен анын алдындагы жер кыртышы Кыргызстандын ээлигинде каларын айтты.

Айрым талдоочулар “Орусия башка өлкөлөрдө деле ушундай негизде кирип, чыкпай койгон учурлар бар" экенин айтып, Жогорку Кеңеш өлкөнүн геосаясий позициясы, тышкы саясаты жана коопсуздугуна байланыштуу маселеге жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек болчу деген пикирин айтууда.

Ратификация болгон протоколго ылайык, базанын учуу-конуу тилкесин 2 миллиард рублга оңдош үчүн аны сөзсүз түрдө орус тараптын менчигине өткөрүү зарыл.

Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. (BkA)