АКШнын аскер генералы Лафайет аянтына Трампты коштоп барганына өкүндү

Лафайет аянтына бараткан президент Трампты коштогондордун арасында генерал Марк Милли (оңдон биринчи) да болгон. Вашингтон. 1-июнь, 2020-жыл.

АКШдагы аскердик штабдардын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Марк Милли Вашингондогу демонстрация кууп таркатылгандан кийин президент Дональд Трампты коштоп, Акүйдүн жанындагы чиркөөгө барганы катачылык болгонун мойнуна алды. Ал 11-июнда CNN аркылуу бул окуя коомчулукта “аскерлер ички саясатка кийлигишти” деген түшүнүктүн жаралуусуна негиз бергенин билдирди.

"Биз армиянын саясаттан тышкары принцибин, биздин өлкөнүн өзөгүнө сиңген принцити сыйлашыбыз керек. Мен ал жерде болбошум керек болчу", - деди генерал Милли.

1-июнда Дональд Трамп демонстранттардан тазаланган Лафайет аянтындагы чиркөөгө барган. Анын алдында полиция афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө нааразылыгын билдирип чыккан адамдарды аянттан жаш агызчу газ жана желим октор менен кууп чыккан. Трампты коштоп аянттагы чиркөөгө барган аткаминерлердин арасында Марк Миллинин болгону коомчулукта "аскер адамы саясий иш-чарага неге катышты?" деген суроолорду жараткан.

46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмү АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө расалык теңсиздикке каршы нааразылык акцияларына себеп болду. Интернетте аны полициячы мойнунан тизеси менен басып турган тасма тараган соң, 26-майдан тартып АКШнын дээрлик бардык штаттарында нааразылык акциялары өттү. Айрым шаарларда тынч митингдер башаламандыкка айланып, автоунаалар өрттөлүп, дүкөндөр тонолду. Трамп митингдерди сындап, аны басуу үчүн Улуттук гвардияны чакырган.

Флойддун өлүмүнө тиешеси бар деп шектелген төрт полиция кызматкери камалгандан кийин демонстрациялар тынч өтө баштаган.

Акүй расалык теңсиздикти жоюу үчүн реформалар жүргүзүлөрүн убада кылууда.