АКШ: Борбор Азияда диний азчылыктар кыйынчылыкка туш болууда

Бишкек шаарындагы православ чиркөөсү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2019-жылдагы дүйнө өлкөлөрүндөгү дин тутуу эркиндигинин абалы тууралуу жаңы баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстанда азчылыкты түзгөн диний топтор кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканы, маркумду жерге берүүдө жана расмий каттоодон өтүүдө дале маселелер бар экени белгиленген. Баяндамада өзгөчө өлкөнүн чакар шаарлары менен айылдарындагы диний азчылыктарга ыдык көрсөткөн көрүнүштөр тууралуу сөз болгон.

Маселен былтыр январь айында Ысык-Көлдүн Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди белгисиз адамдар талкалап кеткени, андан бир жыл мурда Тамчы айылында жашаган протестант Элдос Сатар уулу кол салууга кабылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгону мисал келтирген. Ошондой эле баяндамада Кыргызстанда "Жахабанын күбөлөрү", теңирчилер жана Ахмадия мусулмандар жамааты мурдагыдай эле расмий диний топтор катары каттала албай жатканына көңүл бурулган.

Мындан тышкары 2019-жылдын башында Кыргызстанда "экстремисттик материалдарга" байланыштуу мыйзам өзгөргөнү белгиленген. Жаңы жобого ылайык, укук коргоо органдары кайсы бир шектүүгө айып тагуу үчүн анын экстремисттик материалдарды жайылтууга ниети болгонун көрсөтүп бериши керек.

Мамлекеттик департамент коңшу Тажикстандын бийлиги "Жахабанын күбөлөрүн" диний уюм катары каттабай жатканына, бул топтун бир мүчөсү былтыр сентябрь айында "диний кастыкты козутту" деген айып менен 7,5 жылга абакка кесилгенине көңүл бурган. Баяндамада Тажикстанда күч органдары каттоодон өткөн да, өтпөгөн да диний топторго рейд жасап, аларды көзөмөлгө алып же мажбурлап жаап салып жатканы, мусулман аялдарга исламдин ханафи багытын карманган мечиттерде намаз окууга уруксат берилбей жатканы белгиленген.

АКШнын Мамдепартаменти билдиргендей, Казакстанда адамдарды диний ишенимине же кайсы бир диний уюмга мүчө болгонуна жараша камакка алуу же алардын диний өзгөчөлүгүн ачык көрсөтүшүн чектөө аракети уланып жатат. Коңшу өлкөдө расмий каттоодон өтпөгөн диний уюмдар тынч жыйындарга чогула албай келишет. Мындан тышкары баяндамада Казакстанда медиа каражаттары диний азчылыктардын беделине доо кетирген, аларды "салттуу эмес" деп мүнөздөгөн макалаларды же программаларды жарыялаганы айтылган.

Баяндамага ылайык, Өзбекстанда диний экстремизмге байланыштуу айып менен түрмөдө отурган 575 адам абактан чыккан же жазасы жеңилдетилген. Бирок өлкөдө "диний жикчилдикке же исламчыл аракеттерге аралашты" деген шек менен кармалгандарды кыйноо уланууда. Ошондой эле христианчылыкка өткөн өзбек жарандары басмырлоого дуушар болуп жатканы, алар каза болгон жакындарын алыс көрүстөнгө барып жашырууга же шарыяттын шарттары менен көмүүгө аргасыз болуп жатканы баяндамада белгиленген.

Мамлекеттик департаменттин 2019-жылкы кырдаалды талдаган баяндамасына ылайык, Түркмөнстанда да "Жахабанын күбөлөрү" камакка алынып, христиан топтор тинтүүгө же рейддерге туш болуп келет. Аларга кайсы бир жер аянтын же имаратты диний максатта ижарага алууга уруксат берилбей жатат. Баяндамага ылайык, Түрмөнстанда 40 жашка чейинки эркектер сакал-мурутун кырдырууга аргасыз болуп жатат.