"Июнь окуясында 16 күн бою операция жасадым"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Хирург Асылбек Байгазаков - он жыл мурда болгон Ош коогалаңында ооруканада иштеген дарыгерлердин бири. Июнь окуясында анын беш жыл бою курган үйү өрттөнүп кеткен. Коогадан кийин беш баласын алып Бишкекке көчүп келген хирург калаба маалында дарыгерлер кандай шартта иштегени тууралуу эскерип айтып берди.