Аксыда мөндүр жаап, эгин талаалары зыян тартты

Жалал-Абадда жааган мөндүр. 09.06.2020

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 9-июндагы мөндүрдүн кесепетин тактоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-июнда маалымдагандай, шейшембинин кечинде жамгыр аралаш мөндүр жаап, Ак-Дөбө, Күлүк-Дөбө, Чарбак жана Өлөң-Булак айылдарында чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирген. Үйлөргө жана жолдорго зыян тийген эмес.

"Пача-Ата" метеостанциясынын жетекчиси Игорь Акимбеков билдиргендей, мөндүрдүн көлөмү 15 миллиметрге жеткен.

Соңку күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында аба бир аз салкындап, тоолуу райондордо жаан катуу жаап жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 10-11-июнда да өлкө аймагында туруксуз аба арыйы сакталат. (RK)