Иранда тыңчы деген кишиге өлүм жазасы чыкты

АКШнын аба соккусунан мерт болгон ирандык генерал Касем Сулеймани.

Иранда Революция сакчылары корпусунун тандалма бөлүгүнүн командачысы генерал Касем Сулейманинин артынан аңдып жүргөн деген киши өлүм жазасына өкүм кылынды. Генерал 3-январда Багдаддын четинде америкалык дрондун соккусунан каза болгон.

Ислам жумуриятынын сот өкүлү Голамхосейн Эсмаилинин жүйөсүнө ылайык, Израилдин жана АКШнын атайын кызматы менен байланыштагы тыңчы Ирандын армиясы, генералдын кайда жүргөнү тууралуу маалыматтарды берип, бул үчүн көп акча алып турган. Эсмаили өкүм жакын арада ишке ашырыларын айтты.

Вашингтон Сулеймани АКШнын Жаынкы Чыгыштагы объектилерине жана аскерлерине болгон кол салууларды уюштуруп келген деп эсептейт. Тегеран жооп иретинде АКШнын Ирактагы базасын аткылаганда 100дөн көп жоокер жабыркаган.