Кулматов жана Ибраимовдун сотунда жарыш сөз башталды

Албек Ибраимов сот учурунда. Ноябрь, 2019-жыл.

Бишкек шаардык соту 10-июнда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун, алар менен кошо айыпталып жаткандардын жана прокуратуранын апелляциялык арызын кароону улантты.

Жараянда тараптардын жарыш сөзү башталганын айыпталуучулардын адвокаттары билдиришти. Ишти Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия карап жатат.

3-июндагы жараянда айыпталуучулар суралып бүтүп, иштин материалдарын иликтөө аяктаган.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген, абактан үй камагына бошоткон. Бул иш боюнча экс-мэрлер менен кошо айыпталган 11 кишинин баары сот залынан бошотулган. Айыпталуучулар да, мамлекеттик айыптоочу тарап да апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанып, доо арыз 7-февралда карала баштаган.

Бишкектин мурдагы эки мэри 2018-жылдын жай айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Өздөрүнүн күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын баса белгилеп келатышат. (NT)