Жээнбеков: Улут аралык ынтымак коргоого, аяр мамилеге муктаж

Президент "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл койду. 10-июнь, 2020-жыл

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош шаарына барып, 2010-жылы болгон июнь коогалаңында набыт болгондорду эскерүү иш-чараларына катышып, "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплексине гүл койду, курман болгондорго куран окулду.

Президент маркумдардын туугандары менен жолугушуп, кайгылуу күндөр элдин эсинен кете электигин белгиледи.

Бул күнгө карата президенттин кайрылуусу да жарыяланды. Анда 2010-жылдын июнь айында болуп өткөн кайгылуу окуя эгемен мамлекет үчүн эң оор сыноо болгону, бүгүн ошол апаатта кайтыш болгондор эскерилип жатканы айтылган.

"Каза болгондордун ата-энелерине, балдарына, жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз. Ошол оор күндөрү өлкөбүзгө колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка ыраазылык билдиребиз. Бул кайгылуу окуя, коомдогу ынтымак баарынан бийик дөөлөт экенин дагы бир ирет көрсөттү. Улуттар арасындагы биримдик, этностордун ортосундагы ынтымак ар дайым өтө аяр мамилеге, дайыма коргоого муктаж экенине ынандык" деп жазылган президенттин билдирүүсүндө.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды элдин ынтымагын бекемдөөгө, улут аралык ынтымакты чыңдоого, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошууга чакырган.

Бүгүн, 10-июнда 2010-жылы болгон июнь коогалаңына он жыл болду.

2010-жылдагы июнь окуясында 400дөн ашык адам каза болуп, эки миңге чукул жаран ар кандай жаракат алганы,57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19унун дагы эле изи чыга электиги айтылып келатат. Расмий маалыматтарга караганда июнь окуясы боюнча кылмыштар жалпы 360 кылмыш ишке бириктирилип, анын негизинде соттор 224 ишти караган. (NT)