COVID-19: Дагы эки бейтап каза болду, вирус 38 адамдан жаңы аныкталды (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 38 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 10-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 19 адам. Чүй облусунда жана Ош шаарында алтыдан адам, Ош облусунда үч, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын жана Талас облустарында бирден адам.

Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду: Чүй облусун Кара-Балта шаарынын 70 жаштагы тургуну жана Жалал-Абад облусунун 73 жаштагы тургуну.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 89 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 10-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2093 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1572 бейтап айыгып кетти. (RK)