Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, белгилүү театр жана кино актеру Марат Жантелиев 59 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров тастыктады:
“Жаңы эле угузушту. Байкеси телефон чалды. Оор болуп, реанимацияда жаткан. Бөйрөк талмасы абдан катуу кармап, дарыгерлер алы жетпей калыптыр. Бишкектин “Учкун” кичи районунда турчу. Жакын деп Ново-Покровкадагы ооруканага алып бара калышкан экен”.
Марат Жантелиев 1961-жылы Нарын облусунда туулган. 1978-жылы Орусиянын Мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) өтүп, бул окуу жайды 1982-жылы аяктаган.
Алгачкы чоң ролун Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” тасмасында жараткан.
Актер Бишкектеги Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенчү.
2017-жылы “Саякбай” тасмасында айтылуу Саякбай манасчынын образын жараткан.
2018-жылы 30-августта Жантелиевге "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген ардактуу наам ыйгарылган. (RK)