Казак бийлиги пандемия убагында жарандарды митингге чыкпоого үндөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов карантин убагында массалык иш-чараларга тыюу салынганын, адамдардын топтолушу инфекциянын жайылышына шарт түзөрүн билдирди.

Буга чейин эки оппозициялык топ жарандарды 6-июнда Казакстандын бир нече шаарында митингдерге чыгууга чакырган. Алардын бири - бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязов негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы», экинчиси журналист жана активист Жанболат Мамай жетектеген Демократиялык партия түзүү боюнча демилгелүү топ.

Ал ортодо болжолдуу митингдердин алдында Казакстандын шаарларында активисттер кармалып жатканы кабарланууда. Алардын буга чейинки митингдерге катышкандары административдик камакка алынып, «тынч жыйындарды өткөрүү эрежелери тууралуу мыйзамды бузуу» үчүн айып төлөөгө милдеттендирилүүдө.

Өткөн айда эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстандын бийлиги карантинден пайдаланып активисттердин укуктарын чектеп, аларга басымды күчөтүп жатканына тынчсызданарын билдиришкен.