Кыргызстанда бир күндө үч адам сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу 4-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Талас облусунун Манас районунда Чеч-Дөбө айылынын Саратай көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Окуя 3-июнда түштөн кийин болгон.
Нарын облусунда Жумгал районунун Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм бала чөгүп кетти.
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Бурана тилкесиндеги Кара-Суу суусунда 69 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган. Куткаруучулар сөөктү суудан чыгарып, милицияга өткөрүп беришти.
Кыргызстанда 2019-жылдын биринчи жарымында 88 киши сууга чөгүп каза болгон. (RK)