Жорж Флойддун өлүмү үчүн төрт полиция кызматкерине айып коюлду

Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилген. Иллюстрациялык сүрөт.

Флойдду кармоо учурунда аны мойнунан тизеси менен басып турган полиция кызматкери Дерек Шовинге айыптоо олуттуу беренеге которулганын америкалык маалымат каражаттары Миннесотанын башкы прокуратурасына шилтеме кылып жазышты.

Флойддун иши боюнча кармалган Шовинди мурда тагылган айып боюнча – «Кишини атайылабай өлтүрүп алуу» беренесине олуттуу жаза кошулганын «Америка үнү» маалымдады. Ага ылайык, Шовин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«Fox News» агенттиги кабарлагандай, Флойдду кармоого катышкан үч полиция кызматкерин да камакка алууга ордер берилген. Жей-Александр Куенг, Томас Лейн жана Ту Тао кылмышка көмөктөшкөн деп айыпталууда. Флойддун өлүмүнө тиешеси бар деп саналган төртөө тең полициядан чыгарылды.

АКШда ынды кара жаран Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган нааразылык акциялары токтой элек. Вашингтон менен Нью-Йорк баштаган 40тай шаарга коменданттык саат киргизилгенине карабай демонстранттар сегизинчи күн катары менен көчөгө чыгышты.

АКШда нааразылык акциялары Миннесота штатында полициянын колуна түшкөн ынды кара адамдын өлүмүнүн айынан башталган. Көчөгө чыккандарды Жорж Флойдду дем ала албай жатканына карабай, мойнун ныгыра басып муунткан полиция кызматкеринин аракети тартылган видео тасма жаалданткан.

Окуяга байланыштуу төрт полиция кызматкери жумуштан алынган, кийин Флойдду тизеси менен ныгыра басып муунткан кызматкер камалган. Нааразылык акцияларына чыккандар калган үч полиция кызматкерин да камоону, полициянын расисттик аракеттеринин токтотулушун талап кылышкан.