Чечмедеги булактын аймагына эки өлкөнүн күч кызматтары көзөмөл кылууда

Сох менен чектешкен Чечме айылындагы чатак. 31-май, 2020-жыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме жерлигиндеги чек арада Кыргызстан менен Өзбекстандын укук коргоо органдары чогуу кайгуул жүргүзүп жатышат. Ага ылайык, аймактагы чек ара кызматкерлери да күчөтүлгөн тартипте иштешүүдө.

Эки өлкөнүн чек арачылары эки тараптын укук коргоо органдары менен бирге мамлекеттик чек араны бузууга, чыр-чатактарга жол бербөө жана алардын күчөп кетишинин алдын-алуу иштерин жүргүзүп жатат. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарындагы кырдаал туруктуу.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чатак чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлады. (ZKo)