Блогер Элмирбек Сыдымановдун соту башталып, отурум техникалык себептерге байланыштуу башка күнгө которулду.
Бүгүн, 1-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда блогердин иши боюнча алгачкы соттук отурум болду.
Сыдыманов: «Дисктерди көрүшмөк. Компьютери иштебей калып, 2-июнга которушту” деп «Азаттыкка» билдирди.
Блогер быйыл 18-февралда Бишкектеги №1 тергөө абагына камалып, 28-февралда үй камагына чыгарылган.
Ага Жазык кодексинин 313-беренеси «Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу») боюнча айып коюлган. Бул берененин негизинде адам жети жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.
Сыдыманов «Инстаграмда» Sydyman деген ат менен белгилүү. Ал буга чейин өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргызстандын айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаган. Бул коомчулукта кызуу талкууга алынган. Кийин өзү жаңылганын мойнуна алып, кечирим сураган. Апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулу кастыкка чакырбаганын айткан жана анын ишине калыс көзөмөл жүргүзүүнү өтүнгөн. (RK)