Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров Кыргызстандын бир катар саясатчыларына, мурдагы депутаттарына ачык кайрылуу таратты.
Ал камакта мыйзамсыз отурганын, милиционер Сулаймановдун өлүмүнө анын өзүнүн кесиптештери күнөөлүү экенин айтып, өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу учурунда анын дарегине айтылган сөздөргө жооп берди.
Кайрылууда: «Менин дарегиме жалган дооматтар жогорку трибуналардан 10 жылдан бери токтобой айтылып келе жатат. Бейшенбек Абдуразаков жана Дүйшөн Абдылдаев атайын менин ишиме токтолуп, жактоочуларымды «саткын» деп аташты. Улутчулдук - адамзаттын эң жаман мүнөзү. Июнь окуялары тууралуу жетишерлик фактыларды келтиргем, эгер алар аз болсо, андан да көп маалымат бере алам» деп жазылды.
22-майда Жогорку Кеңеш имаратында ӨЭУ боюнча мыйзамга байланыштуу парламенттик талкуу өткөн. Ага бир топ уюмдардын өкүлдөрү катышып, көбү мыйзам долбоорун колдоп сүйлөгөн. Талкууга катыша албай калган 70тей уюм кайрылуу таратып, мыйзамга каршылыгын билдирген.
Парламенттик талкуунун катышуучусу, мурдагы депутат Бейшенбек Абдразаков өз сөзүндө:
«Июнь окуясында 500 киши каза болгон. Азимжан Аскаровдун, Батыржан Кадыровдун таламын талашып, булар Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) чейин барып отурушат. Эмне үчүн түрмөдө жаткан биздин башка жарандардын, аялдардын, боюнда бар энелердин таламын талашпайт? Ошондуктан мыйзамды тез арада кабыл алыш керек», - деген.
«Акыл-эс, ыйман» коомдук фондун жетектеген Дүйшөн Абдылдаев: «Кылмышы толук далилденип, өлүм жазасына тартылган кишилердин укугун коргоп, бошотууну талап кылып жатышат. Азимжан Аскаров, Кадыржан Батыровго чейин», - деген.
Жалалабаддык укук коргоочу Аскаров 2010-жылдагы июнь окуялары үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бардык соттук инстанциялар жана Жогорку сот быйыл 13-майда бул өкүмдү күчүндө калтырган. Ага жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деген айып коюлган.
2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондун Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында жол тосулуп, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми милиционер Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберишкени кабарланган.
2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча мекемеси Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген. Кыргыз тарап бул дооматтарды четке каккан.
Бүгүн 1-июнда Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата жазган арызы сотто карала баштады. (RK)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.