Кыргызстан: COVID-19га чалдыккандар башкаларга жугузган учурлар көбөйө баштады

Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда соңку сутка ичинде коронавируска чалдыккан 60 адамдын дээрлик баары бул илдетти мурда жугузган адам менен контакт болгондор экени аныкталды. Бул тууралуу 30-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал оорунун жайылуу коркунучу дагы эле жогору болуп жатканын айтып, санитардык эрежелердин так сакталышы маанилүу экенин белгиледи:

"Азыр эпидемиологиялык абал дагы эле чыңалуу бойдон. Бүгүн жаңы катталган 60 адамдын 52си контакт болгондор арасынан табылды. Демек оорунун жугуу ыктымалдыгы дагы эле жогору болууда. Бир эле цехте бир киши оорунун белгилерине карабастан жумушка бара берип, кыска аралыкта 24 адамга жугузган. 24түн бирөө үйүндөгүлөрүнө жугузган. Билим берүү борборлорунун биринде иштеген бир адам болсо үй-бүлөсүнүн беш мүчөсүнө жугузган".

Жалпысынан 30-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1722 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1113 бейтап айыгып кетти.

Соңку күндөрү өлкөдө бул вируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Буга чейин четтен кайтып келгендер арасында көп катталып жаткан. (RK)