Түркияда митингге чыккандар Бердымухамедовдун бийликтен кетишин талап кылышты

29-майдагы Стамбулдагы митинг.

29-майда Түркмөнстандын Стамбулдагы элчилигинин жанында митинг өтүп, ага 20дай түркмөнстандык катышканын көз карандысыз Turkmen.news сайты жазды. Алар өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылышты.

«Ооганстанга жардам берип атат, Орусияга жардам берип атат. Өз элин алгач тойгузуп албайбы, өз элине адегенде жардам бербейби! Диктатор, тууган-уругуң менен кет!» - деп чогулгандардын бири кыйкырды.

Акыркы айда АКШда, Түркияда жана Түндүк Кипрде жашаган түркмөндөр нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Буга Түркмөнстандагы экономикалык каатчылык, азык-түлүк таңкыстыгы себеп болууда.

Нааразылык акциясы өлкөнүн ичинде, Түркмөнабад шаарында да өткөн.