Аш-той жана башка массалык иш-чараларга уруксат жок

Бишкектеги түнкү клубдардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Азырынча ишмердүүлүгүн жандандырууга тыюу салынган тармактардын топ башында маданий, спорттук, илимий жана массалык иш-чаралар кала берүүдө. Мындан тышкары той-аштарга да уруксат жок. Бул маалыматты биринчи вице-премьер-министр 29-майда, брифингде билдирди.

Анын айтымында, түнкү клубдардын, караоке борборлорунун, интернет клубдардын, соода, оюн-зоок жайларындагы тамак-аш сатуучу түйүндөрдүн, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Билим берүү мекемелеринин, тил үйрөтүүчү жана башка окуу борборлорунун иши да азырынча чектөөдө кала берет. Кубатбек Боронов окуп-үйрөнүү иштерин онлайн форматта жүргүзүп турууну сунуш кылды.

Азырынча кичи автобустар менен шаар аралык каттам жүргүзүүгө да уруксат берилбейт. Боронов бул бир нече сааттап жол жүрүүдөн коронавирус илдети тарап кетүү коркунучунун алдын алуу максатында көрүлүп жаткан чара экенин белгиледи.

Биринчи вице-премьердин айтымында 1-июндан тартып өлкөдөгү ишканалардын 95% ишке кирет.

Кыргызстанда карантиндик шарттар жеңилдетилип, экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун натыйжасында 1-майдан тартып көптөгөн ишкана-мекемелердин, базарлардын ишине уруксат берилген.
1-июндан тартып алардын катарын мамлекеттик мекемелер да толуктайт. (ZKo)