Орусияда 150 миң адам коронавирустан айыкты

Москва.

Орусияда COVID-19 илдетинен айыккандар 150 миңден ашты. Бул тууралуу бейшембиде өлкөнүн коронавируска каршы күрөш боюнча штабы билдирди.

Ал эми 224 миң киши илдеттен дарыланууда. Алардын 2300ү оор абалда. Каза болгондор 28-майга карата 4142 кишиге жетти.

COVID-19 эң көп катталган Москва шаарында обочолонуу режими 14-июнга чейин узартылды. Борбордо көчөгө чыккандар беткап кийип жүрүүгө тийиш.

Ошол эле маалда шаар мэри Сергей Собянин 1-июндан тартып чектөөлөрдү азайтуунун экинчи баскычы башталарын өз блогунда жазды. Ага ылайык, соода түйүндөрү жана тейлөө кызматтары ачылат. Шаар жашоочулары сейилдөөгө чыга алышат.