Британия Түндүк Кореядагы элчилигин убактылуу жапты

Британиянын байрагы.

Британиянын өкмөтү Түндүк Кореядагы элчилигин жаба турууну чечти.

«Пхеньяндагы британ элчилиги 2020-жылдын 27-майынан тартып убактылуу жабылды. Бардык дипломатиялык кызматкерлер ушу тапта КЭДРден чыгып кетишти», - деп «Твиттерге» жазды аталган өлкөдөгү британ элчиси Колин Крукс.

Жакын өнөктөшү жана коңшусу Кытайдан дүйнөгө тараганына карабастан Түндүк Корея өз аймагында коронавирус катталбаганын билдирип келет. Ошол эле убакта чек араларын жаап, сырттан кирүүгө тыюу салган.

Пхеньяндын «өлкөгө кирүүнү чектөөсүнөн улам кызматкерлердин орун алмашуусу жана элчиликтин ишмердигин камсыздоо мүмкүн болбой калды» деп билдирди Лондондогу өкмөттүн өкүлү.