Трамп соцтармактар мамлекеттик көзөмөлгө алынарын эскертти

Дональд Трамп «Твиттерди» көп колдонот жана бир топ маанилүү, чуулгандуу билдирүүлөрдү ушул социалдык тармак аркылуу таратат.

АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттер» анын айрым билдирүүлөрү так эмес экенин эскерткен белги коё баштагандан кийин социалдык тармактарды сындап чыкты. Ал «Твиттердеги» баракчасына «Республикачылар социалдык тармактардагы платформалар консерваторлордун үнүн басууга аракет кылып жатат деп эсептешет. Биз аларды катуу көзөмөлдөйбүз же болбосо максатына жеткирбестен аларды жаап коебуз» деп жазды.

Шейшембиде Трамп почта аркылуу добуш берүүнү сындап, бул шайлоонун жыйынтыгын бурмалоого алып келет деген мазмундагы эки твит жазган. Бул билдирүүлөрдүн этегинде «почта менен добуш берүү тууралуу фактыларды билип алгыла» деген өзүнчө жазуу чыккан. Ал шилтемени басканда Трамптын мындай тыянагы негизсиз экени жазылган.

Трамп «Твиттерди» «президенттик шайлоо өнөктүктүгүнө кийлигишип, сөз эркиндигин чектеп жатат» деп айыптап, буга жол бербей турганын билдирген.

«Твиттер» мындай кадамга Трамптын жалган, негизсиз маалымат таратып жатканы тууралуу аны сындагандардын бир канча жолку чакырыгынан улам барган. Буга чейин аталган социалдык тармак ар бир колдонуучу өз пикирин эркин айтууга укугу бар экенин, Трамп «Твиттердин» эрежесин бузбаганын жүйө кылып келген болчу.

«Твиттер» жалган маалымат таратууга каршы саясатын ушул айдын башында өзгөрткөн.

Трамп «Твиттерди» көп колдонот жана бир топ маанилүү, чуулгандуу билдирүүлөрдү ушул социалдык тармак аркылуу таратат.