Улуттук банктын бир кызматкери коронавируска чалдыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын бир кызматкери коронавируска чалдыгып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов 27-майдагы брифингде билдирди. Төраганын айтымында, кызматкерге илдет жукканы 22-майда аныкталган.

Кызматкер иштеген имарат толугу менен дезинфекцияланып, аны менен байланышта болгон адамдар текшерүүдөн өтүп жатат.

27-майга карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жугузган 52 адам жаңы катталды. Жалпы өлкөдө вирус жуккан 1520 адам катталган. 1043 бейтап оорудан айыкты. 16 киши илдетти жугузуп алгандан кийин көз жумду. (ZKo)