COVID-19: Нарындагы жетекчилердин жоопкерчилиги каралат

Карантин убагындагы Нарын шаары. Апрель, 2020-жыл.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкуловго жана анын биринчи орун басары Касен Азизовго сөгүш жарыяланды. Мындай чечимди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска каршы республикалык штабдын сунушуна ылайык кабыл алды.

Муну менен кошо өкүлдүн социалдык тармагын тейлеген орун басарынын ишин карап көрүү жөнүндө сунуш киргизилди.

Мындан тышкары республикалык штаб Саламаттык сактоо министрлигине Нарын облустук ооруканасынын директору Айбек Койчумановду, анын орун басары Анара Калманбетованы жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Муратбек Алияскаровду кызматтан бошотуу маселесин кароону сунуш кылган.

Бул маселе республикалык штабдын 27-майдагы отурумунда козголду. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов:

«Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курч. Жалпы облуста коронавирус жуккан 297 адам катталган. Аймактагы көрсөткүч Ош, Жалал-Абад облустарына салыштырмалуу кыйла жогору. Эгер облус жетекчилиги тиешелүү жыйынтык чыгарып, кырдаалды оңдобосо, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Кырдаалды курчутпай, тескеп кетүүгө облуста мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок облустук төрөт үйүндө абал оңолгон жок. Айрым аялдар өзүм билемдик менен кетип калышына жол берилген. Аймак жетекчилигинин кош көңүл мамилесинен улам ушундай акыбалга келип отурабыз», - деди.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов аймакта коронавирустун алдын алууда ката кетирилгенин мойнуна алды.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 52 адам жаңы катталды. Анын ичинен 17 адам Нарын облусунда.

Жалпы өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата 1520 адамдан COVID-19 вирусу аныкталган. Анын ичинен 1043 бейтап айыгып чыкты. 16 адам оору жуккан соң көз жумду. (ZKo)