Улуттук банк: Мигранттар жөнөткөн акча 19% азайды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чет жактан которулган акча азайганы байкалууда. Бул тууралуу 27-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов «Кабар» улуттук маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында айтты.

Анын маалыматына караганда, быйылкы жылдын биринчи кварталында жеке адамдар которгон акчанын жалпы суммасы 343 миллион долларды түздү. Бул былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 19% аз.

Абдыгулов «мигранттар которгон акчанын азайышы өлкөдөгү жалпы суроо-талапка таасирин тийгизет жана калктын керектөө көрсөткүчүнүн азайышын шарттайт» деди.

Ошону менен катар Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүм 3,8% кемигени айтылды.

Жакында парламент өкмөттүн ишин талкуулаганда бюджет тешиги тышкы жардам менен жабылганы жатканы айтылган.

Коронавирус пандемиясынан улам бюджеттин тартыштыгы быйыл өлкө эгемендик алган жылдардагы рекорддук чекке жетип, 28 миллиард сомду түзүүдө. Тактап айтканда, быйыл бюджеттин кирешеси 132,9 миллиард сом болсо, чыгаша 161,3 миллиард сом деп белгиленди. (RK)